"Кыргыз жеринде жыл сайын 17 миллион көчөт отургузулат" дейт башкы токойчу

2017-жылдын башынан бери өлкөдө токойдогу бактарды кыюу боюнча 249 мыйзам бузуу катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда өткөн Кыргыз өлкөсүнүн токой чарбасынын 70 жылдыгына арналган маалымат жыйынында Токой экосистемдерин өнүктүрүү департаментинин директору Элдияр Шерипов билдирди.

"Кыргыз өлкөсүнүн аймагынын 5,6 пайызын гана токой ээлейт. Жыл сайын 1000 гектар жерге 17 миллион ар түрдүү көчөттөр отургузулат", - деди ал.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов келерки жылдын жаз айларында элдин катышуусу менен бир күндө 1 миллион көчөт отургузуу иш-чарасын уюштуруу пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө токой чарбасы тармагында эмгектенген кызматкерлер 6 миңден 10 миң сомго чейин айлык алышат. Алардын арасында 40 жылдан бери иштеген адамдар дагы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Atas
2017-09-12 12:30:32
Koigula kalp aitpai kana kochottor
0
bond02
2017-09-12 13:11:20
Анын канчоо осот ошону да айтып койсонор.
0
AKCAHAT
2017-09-12 13:50:56
17 миллиондун 17000 оонуп берсе дагы, кочот олтургузган куну тим эле ак перчатки кийип чыгып алышат анан эле кочоттон кабар алган адам жок. Акча болунот ошого дагы, курулай расход, суу койуп мал койдон асыраган адамдын озу жок. Колдон отор, коздон кечер бизде.
0
BarsBaatyr
2017-09-12 15:12:21
Ой тообоооо...Жалгандын дагы эби чени болот.17 млнго деп акча алып 170 минин аран отургузасынар
0
BarsBaatyr
2017-09-12 15:13:22
Анынар дагы отургузулган боюнча калат каралбай.Ошентин ондон бири аран онот
0
Hadyja
2017-09-12 18:35:45
17миллионду каим отургузуптур,мен отургузгандарын коро да элекмин.Токой чарбасынын маешин биринчи жолу окуп,тан калып коюп отурам.Тоолуу олуо эмес эле,Россия болуп кетмекпиз анда.
Кочоттун баарын сатып аласынар?канча сомдон болду экен?Кагазга жазыпсынар фантастиканы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан