Газ чыгуу коркунучунан улам Өчпөс от өчүрүлдү

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс от газ чыгуу коркунучунан улам өчүрүлдү. Бул тууралуу Свердлов районунун башчысынын орун басары Рустам Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, Өчпөс от 11-сентябрда кечки саат 8дер чамасында өчүрүлгөн. "Тийиштүү кызматтар менен жер алдындагы газ түтүктөрүн текшерүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Андан кийин оңдоо иштери башталат. Толук оңдолгондон кийин күйгүзүлөт", - деди Касымбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dimonbek
2017-09-13 00:27:25
Өчпөс от эмес , кээде өчө турган от экен да анда)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан