Роза Отунбаева: "Кырдаалды сырттан карап тура бербей, оюбузду айтышыбыз керек"

Бишкекте 12-сентябрда таза шайлоо өткөрүүнү максат кылган "Таза шайлоосуз таза коом жок" аттуу Атуулдук кыймыл түзүлүп, анын бет ачары өтүүдө.

Иш-чарада экс-президент Роза Отунбаева: "Демократия деген татаал нерсе, бирок баары бир көп нерсеге биз, эл жооптуубуз. Дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Бизге эч ким келип "силердин демократияңар туура" деп айтпайт экен. Биз процесстерди сырттан карап отура бербей, биригип өз оюбузду айтышыбыз керек. Ошол себептүү кыймыл түзүп жатабыз. Чындыкты элге жеткирип, бийликтин кемчиликтерин айтып турушубуз шарт", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан