Бишкекте 12-сентябрда "Таза шайлоосуз таза коом жок!" аттуу Атуулдук кыймыл түзүлүп, анын бет ачары өтүүдө.
Иш-чарада мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов: "Өлкөдө таза шайлоо өтсө, мыйзам бузуулар болбосо - бул ар бир Кыргыз жарандын тилеги. Мындай кыймыл бүгүн керек. Бул кыймыл элдин ою жана каалоосу. Мен кыймылдын меморандумун колдойм", - деди.
Ал эми легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов: "Шайлоолор саясий оюнга айланып кетти. Бүгүн кимдир бирөөнү айыптоого чогулган жокпуз. Меморандум боюнча айтсам, негизинен колдойм. Алмазбек Атамбаев дайыма "мен бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берем" деп айтып жүрөт. Эмне, бийлик ага мураска калды беле? Ал кызматка Конституциянын негизинде келген, демек, "мен Конституцияда каралган мөөнөттө кызматтан кетем, эл жаңы президентти шайлап алсын" деши керек", - деп билдирди.
Шеримкулов президенттик кызматка адекваттуу адам келиши керектигин жана өлкөдө саясатчылардын жаш муунун даярдоо зарылдыгын кошумчалады.