Зайнидин Курманов: "Өкмөт мүчөлөрү жаш эмес, 40 жаш - Африкада өлүмгө аз калган курак"

Бишкекте 12-сентябрда "Таза шайлоосуз таза коом жок" аттуу кыймыл түзүлүп, анын бет ачары өтүүдө.

Сөз арасында Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов азыркы өкмөттүн жаштардын өкмөтү дегенге көз карашын айтты. "Технократтык өкмөт, өкмөткө жаштар келди деп айтылууда. Жаш эмес, көбү 40 жашка чыгып калышкан. Африкада 40 жаш - өлүмгө аз калган жаш болуп саналат", - деди Курманов.

Буга чейин өкмөт мүчөлөрүн "жаштар" деп атоого каршы экенин Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев да айтып чыккан. Акаев 35-40 өтө деле жаш деп саналбасын, убагында Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков өңдүү инсандар 25 жашында мамлекетти түптөшкөнүн баса белгилеген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azat.97
2017-09-12 13:11:29
Ал деген Африка да.55-60 ка караганда сонун эле 40 жаш.Озунордун карыганынарды билбейсинер
+2
Makain
2017-09-12 16:26:09
Заке ал Африка шымы жок журушот жыланач салыштырба бизди алар менен
0
isabek1977
2017-09-12 19:48:24
Анда озун чал дейбизби? Апаз Жумагулов, Медеткан Шеримкулов жана башка аксакалдар карыганда ар кандай саясатка аралашпай калыс эле турушпайбы?
0
Best.bakyt
2017-09-12 20:26:49
Ушу киши тантык созду коп суйлойт эн эле. Африканын бул жерге кандай тиешеси бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан