Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагалык кызматына келсе кадрларды алмаштырбай турганын айтты

Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагалык кызматына келсе кадрларды алмаштырбай турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында депутат Нурланбек Макеевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Макеев Кулматовдон кадр саясаты кандай боло турганын сурады. "Сиз келсеңиз орун басарларыңыз, бөлүмдүн башчылары алмашып калышы мүмкүн. Алмаштырып чыгасызбы же ошол бойдон калабы?" - деп суроо узатты.

"Улуттук банктын бүгүнкү күндөгү кадрлар жакшы иш алып барып жатат. Сыноо мөөнөтү 6 айга чейин болот экен. Жакшы иштеп жатышса мен эмнеге алмаштырмак элем?" - деп жооп берди.

Депутат президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көрсөтүлүп жаткандыктан "аванс" катары колдой турганын айтты.

Жыйынтыгында Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин депутаттары Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлүп жаткан Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kuba502
2017-09-12 16:01:20
Бул эмне өрт өчүрүүчүбү.Мамлекеттин эң жогорку кызматтарына Кулматовдон башка кадр жокпу.Мэрлик кызматты кыйратты эле го
+4
Kemel29101981
2017-09-12 16:53:07
Пулун болсо калтанда,
талтанда, талтанда.
Жашоо ушунуку болду.
0
altyn7776
2017-09-12 17:28:18
Бул баягы телефонгейттеги Кулматов да, туурабы?Атамбаевге 400мин доллар берип таможнянын башчылыгына орношкон. Бекназаров менен Атамбаевдин ыркырашкан го
0
Hadyja
2017-09-12 18:39:47
Тарыхчымын,бирок Уллуттук Банкта иштей алам деген созду уга элек болчумун.
Ошондо мне "Унум жок,бирок ырчы болуп,эмгек синирген артист болом,айдоочумун бирок,президенттик аппаратта иштей алам дегендей го.
+1
Han1111
2017-09-12 18:52:01
Эптеп орунга отуруп алсам дептир да))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан