Кыргыз жеринде ушул тапта 388 таштанды полигону бар. Бул тууралуу 12-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Министрликтин алдындагы Илим департаментинин директору Абдыманап Муратовдун билдиришинче, таштанды полигондорун жөнгө салуу боюнча кыргыз-немис окумуштууларынын кызматташуусу күтүлүүдө. Тагыраагы, таштандыны кайра иштетүү жолдору изделип жатат. Өлкөдө экологияны жакшыртуу үчүн таштанды полигондоруна тийиштүү көйгөйлөрдү чечүү зарыл экенин айтат Муратов.
Кыргыз-немис окумуштууларынын Бишкекте өткөн жолугушуусунда таштандыны кайра иштетүү боюнча заманбап ыкмалар, техникалар тааныштырылган.