Интернетте "жашарып" калган Дэвид Бекхэмдин сүрөттөрү талкууга алынууда

Интернетте Англиянын мурдагы футболчусу Дэвид Бекхэмдин "жашарып" калган сүрөттөрү талкууга алынууда. Ал 10-сентябрда Нью-Йорктогу мода жумалыгына уулу Бруклин менен бирге келген. Анда экс-футболчунун жүзүнөн бир да бырыш байкалган эмес. Мындан улам аны ошол жактагы фотографтар дароо сүрөткө тартып, интернет тармагына таратып жиберишкен. Сүрөттөрдү көргөн колдонуучулар ага карата түрдүү сын-пикирлерди айтып, көпчүлүгү Бекхэмдин ботокс колдонгонун жазышкан. Футболчу буга чейин социалдык тармактардан бир да колдонуучуга жооп бербей келсе, бул ирет унчукпай тура алган эмес.

“Ботокс боюнча айтылган кептерге кошулбайм... Бирок муну комплимент катары кабыл алам”, - деген ал.

Ошентсе да Дэвид Бекхэмдин өз келбетине жакшы кам көрөрү - бул факт. Анткени анын жубайы, белгилүү ырчы, актриса жана модель Виктория Бекхэм жолдошу бырышка каршы жана жашартуучу бет майларды колдонорун айткан. Ошондой эле футболчунун жүзүн эле карабастан тырмагына да маникюр жасап жүрөрү айтылып келет.

Ботокс - бул дары куюлган ийне, анын жардамы менен беттеги бырыштарды жазууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Djal1987
2017-09-12 18:12:40
Фотоаппарат билет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан