СУПЕРСТАН: "Көрүүм начарлап бара жатат, көрүүнү жакшыртуунун жолдору, ыкмалары барбы?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көрүүм начарлап бара жатат" деген тема талкууга алынган.

Темадагы автордун билдирүүсү: "Мен азыр компьютер менен тиктешип көп отургандыктан көзүмө күч келип жатат. Анти көз айнек да алдым. Баары бир көзүм жумуштан кийин чарчап калат. Бир күнү жумуштан чыгып эле Спорт Ордосуна барып, 1-орунга отуруп концерт көрөйүн десем эле көзүм тунарып, алдымдагы адамдар элес-булас болуп, такыр тунук көрө албай койдум. Ошондо ушунчалык ыйлагым келип кетти. Азыр маршрутту да мээлеп көрүп калдым. Көздү чарчоодон сактоонун же "көрүүнү" жакшыртуунун силер билген жолдору, ыкмалары барбы? Жардам күтөм".

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Негизи көздү өз алдынча дарылабаш керек. Айрыкча фирмалардын дарылары менен дарылап, анан мода көрүп линза тагынып алгандар четтен чыгат. Окулистке көрүнүп дарыланыш керек. Врач айткан дарыны колдонуп көнүгүүнү жасаш керек. Алты ай калтырбай дарылануу курсун алып турбаса кыз кишиники төрөттө да начарлап кетет".

"Балык жакшы жардам берет. Мүмкүн болушунча балык жеп туруңуздар. Сынап көргөм, компьютерде көп отурганыма байланыштуу көздөрүм кызарып, ачышып кетет. Балык жегенден кийин кадимкидей ордуна келип калат".

"Аялзаты айрыкча көздү этияттоо керек. Эгер көрүүңүз начар болсо С витаминин ичүү, болбосо апельсин жеп жүрүү керек. Көрүүңүз начар болсо төрөгөндө көрбөй калуу коркунучу бар экен, ошол себептүү боюнда бар аял сөзсүз 9 айына чейин врачтын көзөмөлүндө болушу керек. Окулист көздү текшерип көрүп өзү төрөйт же кесарево жасоо керек (көздү сакташ үчүн) деген жыйынтык жазып берет. Аялзаты үчүн ден соолук ар дайым биринчи орунда болушу керек. Албетте, эне болом десе. Кукси, чипсы жеп жүрө бербей туура тамактануу керек. Келбет деп эле арыктатуучу дары ичип, диета кармай берүүдөн мурун ден соолукка коопсуздугу жокпу ошону эске ала жүрсөңөр".

"Көздүн ден соолугун сактоо үчүн:

- Күнүнө сөзсүз 8 саатка чукул убакыт уктоого аракеттениңиз.

- Эртең мененки жуунуудан кийин жана кечкисин макияжды тазалаганда көздүн тегерегине азыктандыруучу бет май сүйкөө керек.

- Сыналгы көрүүдө же компьютерде иштөөдө сөзсүз экрандан алыстап, көзүңүздү бир аз убакытка жумуп туруңуз. Бул көздүн көрүүсүн жакшыртат жана эс алдырат.

- Күн сайын көздү укалап турууну унутпаңыз.

- Көзүңүздүн агы кызара турган болсо, жалтырагы көп боёктордон оолак болуңуз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан