Ошто "Түштүк Экспо-2017" эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды

Бүгүн, 12-сентябрда Ош облусунда "Түштүк Экспо-2017" эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, Өзбекстан, Кытай, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Иран, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн келген ишкерлер катышкан. Жарманкеге азык-түлүктөр, тамак-аш, техника, кийим-кече, идиш, зер буюмдар жана башка товарлар коюлган. Иш-чара 14-сентябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikarus8384
2017-09-12 18:18:15
Оштун кайсы жеринде болуп атат дарегин берип кое атасынарбы
0
aikokul14
2017-09-12 18:32:11
aikarus8384,Ош-Таатанда болуп жатат.
0
aikarus8384
2017-09-12 19:36:34
aikokul14,Рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан