Чоң-Алайда жумушчулары ууланды делген алтын казуучу компаниянын санитардык абалы текшерилет

Чоң-Алайдагы жумушчулар ууланган кен казуучу компаниянын ашканасы жана жатаканасы текшерилет. Бул тууралуу санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл департаментинин башкы директору Төлөн Исаков билдирди.

"Чоң-Алай аймактык ооруканасынын жетекчиси уулануу катталбаганын айтууда. Ооруканага жаткырылгандардын биринин ашказан гастрити бар экен. Калгандары сууктан улам өзүн жаман сезиши мүмкүн деп жатышат. Мыйзам боюнча биз текшере албайбыз, бирок өткөн окуядан кийин ашканасы текшерилет. Райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору ишкананын абалын текшергенден кийин биз тийиштүү кызматтарга сунуштамаларды жөнөтөбүз. Негизи санитардык абалы жакшы болгон ашканаларда деле уулануу катталат", - деди Исаков.

Айта кетсек, Чоң-Алай районундагы алтын казуучу компаниянын 8 жумушчусу ууланып, райондук ооруканадан дарыланып чыгышканын атын атагысы келбеген жумушчулардын бири билдирген эле. Кен казуучу компания түзүп берген шарттар талапка жооп бербей турганын, экологиялык жана техникалык коопсуздукту текшерүү жүрүп, бирок оозго аларлык өзгөрүү болбой жатканын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tansuluu09
2017-09-12 18:52:26
Суроттон эле корунуп турат санитардык абалы ---0 экени
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан