Катуу шамал рейтинги: Weather Channel телеканалы кантип аба ырайынан шоу жасап жатат?

Соңку кездерде дүйнөдө көп катталып жаткан бороон-чапкындарды тынбай түз эфирден көрсөтүп, элге табият кубулуштары жана аба ырайын так жеткирген америкалык телеканал Weather Channel жөнүндө кеп болмокчу.

Weather Channel – ар бир 10 мүнөт сайын такталган маалымат боюнча аба ырайын көрсөтүп туруучу телеканал.

Телевидениеде саат 9:15те продюсерлердин чогулушу болот. Алар бороон болуп жаткан жерге канчалык жакын барууга мүмкүндүгүн жана ал жерге кимди жибере турганын аныкташат. Андан соң окуяны кантип чагылдырса көрүүчүгө кенен жетерин талкуулап, ар бир бара турган аймакка унаа бөлүп, бензин менен камсыздайт.

“Харви” бороону эми эле тынчый баштаганда Флоридада “Ирма” бороону башталды. Каналдын кабарчыларынын баары ошол тарапты көздөй бет алышты. Эгер CNN каналы кыйраган жерлерге АКШнын президенти Дональд Трамптын барганын көрсөтүшсө, Weather Channel президентти кичинекей рамкага алып эле көрсөтпөсө, көбүнчө токтобостон аба ырайына жана табигый кубулуштарга басым жасашат.

Нора ЗимметтТелеканалдын вице-президенти Нора Зимметтин: “Биздин кабарчылар коркунуч алдында турган штаттын жашоочуларын башка жакка көчүүгө үндөшөт, табият кырсыгы катталган жерлердин баарын чагылдырышат. Соңку кездерде абдан чарчашты. Алар азыр адреналин менен гана иштеп жатышат”, - деп айтканы бар. Ал буга чейин Fox News каналында иштеп, 2005-жылы “Катрина”, 2012-жылы CNN телеканалынан “Сэнди” бороонун чагылдырган. Ошондуктан ар дайым “Fox мени телевидениеге, CNN журналист болууга, ал эми Weather Channel мыкты адам болууга үйрөттү” деп айтып келет.

Телеканалдын кызматкерлери бороон-чапкында 4 маал тамак-аш менен камсыз болушат. Ошондой эле аларга бекер массаж жасоочу жана бала багуучулар бөлүнөт. Ушул жылдын август айынан тарта катуу шамалдар көп катталып жаткандыктан, аталган каналдын кызматкерлери түнкүсүн гана эс алышып, калган убакыттарын жумуштан өткөрүшүүдө. Алардын ичинен 70 кызматкер көчө, талааларда иштешет. Канал - “Харви” жана “Ирма” бороондорун толук жана ачык чагылдырган жалгыз гана медиа.

Жума күнү, саат 8де Weather Channel телеканалынын журналисти Жим Кантор аба ырайын айтуу Жим Кантормаксатында Майамидеги пляждын жээгинде турган. Дал ошол учурда “Ирма” бороону башталып, алып баруучуну бир топ түйшүккө салган. Шамалдан кулакчыны (наушник) сынган, эгер чачы таз болбогондо чач жасалгасы да бузула турганы талашсыз эле. Кантсе да 1 мүнөттөн соң түз эфирге чыкмак. Ал учурда Зимметтин кулакчынды оңдоого буйрук берип, ага чейин башка кабарчы эфирге чыгып туруусун айткан.

Мына ушундай эч бир тоскоолдукка көңүл бурбай, аба ырайынан шоу жасап элди өзүнө тарткан телеканалдын буга чейин 150 миң көрүүчүсү болсо, бороондорду тынбай чагылдырып баштагандан тарта, тагыраагы, мурунку жумадан бери 1,3 миллион көрүүчү топтогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dosym
2017-09-14 10:19:29
Пирамида каналын дагы жазып чыксанар болмок, Парламенттин жыйынын түз алып барат, күнү түнү уктабай даярдык көрөт, элге ачык айкын чагылдырып турат деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан