Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү "Ретро-Метро" түнкү клубунун артындагы имараттын чатыры күйүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, бүгүн, 12-сентябрда саат 18:20 чамаларында Өрт өчүрүү кызматына аталган клубдун жанындагы бир кабаттуу имараттын чатырынан өрт чыкты деген маалымат түшкөн.
"Жалпы 100 чарчы метрди ээлеген имараттын чатыры күйүп жатканы боюнча маалымат түшүп, дароо эки өрт өчүрүү тобу жөнөп кетти. Учурда өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бир аздан кийин толук маалымат берилет", - деп билдиришти маалымат кызматынан.