28 жаштагы Хоуп Хикс АКШдагы Ак Үйдүн коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 13-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Хикс көп убакыттан бери Дональд Трамптын жардамчысы болуп келген. Трамп президенттикке келгенден бери коомчулук менен байланышуу кызматынын жетекчиси 3 ирет алмашкан. Хикске чейин Энтони Скарамуччи бул кызматта 10 күн гана иштеген.
Буга чейин Хоуп Хикс президенттин стратегиялык коммуникациялар бөлүмүнүн директору, андан мурун Трамптын шайлоо штабынын басма сөз катчысы болгон.
Хикс модель болуп иштеген. Анын саясат жаатында тажрыйбасы жок, бирок Трамптын үй-бүлөсү менен акыркы беш жылдан бери байланышы бар. Ал Иванка Трамптын мода үйүнүн басма сөз катчысы болгон. 2016-жылы биринчилерден болуп Трамптын үгүт кампаниясына кошулган.