Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия: "Латын арибине өтүү планда жок"

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев Кыргыз өлкөсүндө латын арибине өтүү боюнча планда жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, латын арибине өтүү маселеси чоң көлөмдөгү акча каражатка муктаж болгондуктан күн тартипте жок.

Мындан тышкары Жанар Акаев Шайлообек Дүйшеевдин элге сиңимдүү, уккулуктуу берүүлөрү бар экенин белгилеп, аны жалпы мамлекеттик телеканалдардан көрсөтсө жакшы болмок деген сунушун айтты.

Айта кетсек, быйыл 20-июлда президент Алмазбек Атамбаев “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдери” эл аралык форумунда Кытай, Япония латын арибине өтпөй эле өнүгүп жатканын айткан. Мамлекет башчы "латын арибине өтүү экономикага пайда алып келет" деген пикир туура эмес экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shekeev969798
2017-09-13 11:18:13
Турктор келип бизди ар кандай нерселерге откозууну каалап журушот
-4
Farm94
2017-09-13 16:28:48
Shekeev969798 казак баурларга караганда турк туугандар 100 эсе жакшы.казактар бизди тенине алышпайт оздорунчо эле
+2
akyn
2017-09-13 12:41:36
Орус тамгасына караганда Латын тамгасы келечектуу
+2
jbolotov
2017-09-13 16:01:52
Саясат дегенди тушунуу керек. Мисалы Назарбаев туура кылды. Казахстан Оруссия менен таптакыр башка мамлекет экенин ачык ажырым айырма бар болуп туруусу учун алфавитин озгорткону жатышат, бизда ушундай кылсак Карамушкинага окшогондор, Оруссияга кантип Кыргызстанды синирсек дегендерге чон жолдтоо болмок.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан