Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борборунда паспорт алганы баргандардын саны көбөйүп, биометрикалык маалыматтарды каттай турган жабдуу бузулуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарында жашап жаткан Курманжан Алмазбек кызы билдирди.
Анын айтымында, кезек күткөндөрдү бир гана кызматкер тейлеп жатат. "12-сентябрда калкты тейлөө борборунун алдында кечке кезек күтүп турдук. Шайлоого катышып калалы деген ой менен биометрикалык маалыматтарды тапшыралы деген элдер көп. Бир гана кызматкер ар бир адамды 15 мүнөт тейлеп жатты. Биометрика жабдуусу, компьютери иштебей калып оңдотуп жатышты. Жок дегенде эки кызматкер коюп коюшса жакшы болмок экен. Биз эртеден бери ызы-чуу менен кезек күтүп отурдук. Шайлоого жакын жакшы шарт түзүп беришсе болмок. Азыркы убакта эл көп болуп жатыптыр. Бири-бирин тебелеп жүрүшөт. Кичинекей наристем менен кезекте туруп эсибиз ооду", - деп нааразычылыгын жашырган жок.
Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы: "Калкты тейлөө борборлорунда дайыма эл көп болот. Быйыл жаңы окууга келгендер да биометрикалык маалыматтарын тапшыруу үчүн барып көп болуп жатса керек. Буга байланыштуу И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин имаратында да биометрикалык маалыматтарды алуучу жабдуулар орнотулду", - деп билдиришти.
Ал эми шайлоого карата жабдуулардын даярдыгы тууралуу "шайлоодо колдонулуучу жабдууларды даярдап жатабыз. Шайлоого бир күн калганда шайлоо участокторуна жеткирилет. Мурун манжалар менен гана текшерилсе азыр көздү сканерлөө киргизилип жатат. Азыркы тапта жабдуулардын иштеп жатканы же иштебей жатканы текшерилүүдө. Жабдуулар шайлоочулардын тизмесине жараша бөлүштүрүлөт", - деп кошумчалашты.