ИИМ оң рулдуу автоунааларга 2018-жылдан тартып тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу Патрулдук милициянын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов бүгүн, 13-сентябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
“Оң рулдуу унаалар менен адам ташып иштөөнү токтотуу тууралуу мыйзам 2021-жылы күчүнө кириш керек болчу. Бирок биз аны 2018-жылдын 1-январынан тартып иштеп баштоосун сунуштап жатабыз. Анткени көпчүлүк учурда жол кырсыгына ичине 5 адамдан ашык салган оң рулдуу "минивен" унаалары кабылып жатат. Бул көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн ИИМ келерки жылдан тартып тыюу салууну сунуштоодо”, - дейт Ыманалы Саркулов.
Айта кетсек, Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, 2017-жылы 8 айдын ичинде оң рулдуу унаалар катышкан 1226 жол кырсыгы катталып 151 жаран каза болуп, 2098 адам жабыр тарткан.