Apple компаниясы колдонуучуларына iPhone'дун үч жаңы үлгүсүн тартуулады. Алар iPhone 8, iPhone 8 Plus жана смартфондун мааракелик үлгүсү - iPhone X.
IPhone 8 жана iPhone 8 Plus үлгүлөрү сырткы көрүнүшү боюнча мурунку iPhone 7ге окшош, бирок андан да жакшыртылган камерага жана процессорго ээ.
iPhone 8ге болгон баа 699 доллардан (болжол менен 48 миң 154 сом) жогору болсо, ал эми iPhone 8 Plus'ка болгон баа 799 доллардан (болжол менен 55 миң 43 сом) өйдө болот.
iPhone X - бул Apple компаниясынын тарыхында бетиндеги негизги Home баскычы жок биринчи смартфон болмокчу. Touch ID-манжа издерин таануу функциясын, Face ID ээсинин жүзүн таанып иштей турган функциясы алмаштырат. Apple компаниясынын өкүлү билдиргендей мындай коргоо системи 20 эсе ишенимдүү. iPhone X, iPhone'дордун ичинен эң жазы дисплейге ээ, анын өлчөмү 5,8 дюйм. Мындан сырткары Х үлгүсүнүн камерасы 12 мегапикселге ээ болгон. Смартфондун баасы 999 доллардан (болжол менен 68 миң 821 сом) өйдө болору күтүлүүдө.
Жаңы чыккан смартфондордун дагы бир өзгөчөлүгү зымсыз кубаттагычтар менен кубат ала бергенинде. IPhone X 2017-жылдын 3-ноябрында сатыкка чыгары айтылып жатат.
Ал эми Apple компаниясынын Бишкектеги iStore фирмалык дүкөнү билдиргендей телефондордун бул моделдери Кыргыз өлкөсүндө сатыкка качан чыгары азырынча белгисиз.