Жол эрежесин бузган айдоочуларга айыптын суммасын 1 миллион сомго чейин көтөрүү көп маселе жаратуусу мүмкүн. Бул тууралуу Патрулдук милициянын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов бүгүн, 13-сентябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
"Мен депутаттар сунуштап жаткан мыйзамды талкуулай албайм, бирок эгер аталган мыйзам ишке ашса маселе көп жаралышы мүмкүн. Анткени айдоочулардан миллион сомду өндүрүп алуу аябай кыйынчылыкты жаратат. Айдоочулар соттон сотко чуркап жүрүп калышат", - дейт Ыманалы Саркулов.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз мамлекетинде жол эрежесин бузган айдоочуларга айыптын суммасын 1 миллион сомго чейин көтөрүүнү Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев демилгелеп мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизилген.