ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп Абдыш Коомбаев дайындалды

ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп Абдыш Коомбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милициянын полковниги Абдыш Коомбаев 1969-жылы 23-февралда туулган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, 2008-жылы Орусиянын Ички иштер министрлигинин Академия башкармалыгын аяктаган.

"Юридика илимдеринин доктору, 1987-1989-жылдары Советтик армияда кызмат өтөп, 1992-жылдан тартып ички иштер органдарында иштеп баштаган. Анын ичинен Сокулук жана Чүй РИИБинин тергөө бөлүмдөрүнүн башчысы, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы катары жетекчилик орундарда иштеген. Кыргыз Республикасынын ички иштер органында иштеп жаткан учурунда мамлекеттик жана түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, август айында ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси болуп, милициянын полковниги Эркин Баев дайындалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан