Райкан Төлөгөновдун иши боюнча сот уланууда. Ал өзүнө операция жасалганын айтты

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Райкан Төлөгөновдун кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Төлөгөнов сот залында журналисттерге уйку артериясы бүтөлүп, №47-абакта ага операция жасалганын, азыр ден соолугу жакшы болуп калганын билдирди. "№1-СИЗОдон №47-абакка которушкан. Азыр аталган абактын жатак абагында дарыланып жатам", - деди ал. Буга чейин анын кан басымы көтөрүлүп эстен танып жыгылганы да кабарланган.

Учурда сот залында күбөлөр суралып жатат. Бүгүнкү күнгө жалпы 6 күбө чакырылган.

Эске салсак, Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү тоногон деген негизде ал "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан