АКШнын президенти Дональд Трамптын 9-небереси жарык дүйнөгө келди

Кечээ, 12-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамптын 9-небереси жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, президенттин 33 жаштагы баласы Эрик Трамп уулдуу болуп, ага өзүнүн урматына Эрик Люк деген ысым ыйгарган. Ошондой эле жаңы төрөлгөн ымыркайдын сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, “Жубайым Лара Трамп экөөбүз тун уулубуздун төрөлгөнүн сүйүнчүлөп жатканыбызга бактылуубуз”, - деген билдирүү калтырган.

Президент Дональд Трамп уул-келинин адаттагыдай эле интернеттеги социалдык түйүн аркылуу куттуктаган.

“Эртең менен Эрик жана Ларанын уулдуу болушканына байланыштуу куттук айтам”, - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, бул наристе Дональд Трамптын 9-небереси. Мындан сырткары кызы Иванка 3, уулу Дональд 5 баланы тарбиялап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nevestkaa
2017-09-13 20:51:45
Президенттин небересинин орогучу түлөп кетиптир го.
+1
gulmira12345
2017-09-14 01:41:15
Nevestkaa,мен дагы жазайын дегем
0
kutman-kg94
2017-09-14 09:02:25
Nevestkaa,таппаганын жок экенда сенин
0
Nevestkaa
2017-09-14 20:07:20
kutman-kg94,кутиш сенин эмнеңди таап алдым эле кокуй күүүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан