АКШнын Техас штатында "Харви" бороонунан кийин деңиздин жээгинде белгисиз жаныбар пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, деңиздин жээгине суу менен кошо агып келген жаныбардын тиштери курч, өзү көлөмдүү экенин маалымат булактары жазып чыгышкан. Ал эми көпчүлүк биологдор бул жаныбарды балыктын кайсы бир түрүнө кире турганын билдиришкен. Башка эксперттер Мексика булуңунда жашачу жылан экенин айтышкан.