Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жаткан Кубанычбек Кулматовдун талапкерлиги каралууда. "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Токторалиев Кулматовдун кыска убакытта кызматынан тынымсыз көтөрүлүп жүргөн себептерине кызыкты.
"Сиз Бишкек шаарына мэр болдуңуз, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондун башкардыңыз, эми Улуттук банкты башкарууга барып жатасыз. Сиз өзүңүз кандай ойлойсуз: кризис-менеджер (оор абалдан чыгара ала турган адистер - ред.) болгонуңуз үчүнбү же тартиптүү адам катарыбы?" - деп сурады депутат.
"Мен өзүмдү кризис-менеджер деп эсептейм" деп жооп берди Кулматов.
Эске салсак, буга чейин Улуттук банктын төрагасы кызматын Толкунбек Абдыгулов аркалап келген. Ал биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалганына байланыштуу кызматтан кеткен. Ал эми Кубаныч Кулматов Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеп келет.