Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы бала бакча мамлекеттин карамагына өттү

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы бала бакча мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Таш-Дөбө айыл аймагында жана Аламүдүн райондук Жер курулуш жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгында жер мыйзамынын аткарылышы текшерилген. Текшерүү райондук прокуратуранын доо арызы боюнча күчүнө кирген сот чечимин аткаруу маселесинин негизинде жүргөн.

"2017-жылдын 4-апрелинде райондук прокуратуранын доо арызы Аламүдүн райондук соту тарабынан канааттандырылган. Ага ылайык Таш-Дөбө айыл аймагы менен К.Ж. аттуу жарандын ортосунда бала бакчаны алып-сатуу боюнча түзүлгөн келишим жокко чыгарылган. Сатылган объекттин ичине 1047 чарчы метр эки кабаттуу имарат жана 7,6 гектар жер тилкеси кирген. Андан сырткары Чүй облусунун райондор аралык соту 2003-жылдагы Аламүдүн райондук кеңешинин бала бакчаны менчикке чыгарган токтомун жараксыз деп тапкан", - деп жазылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Азыркы тапта бала бакча Таш-Дөбө айыл аймагынын карамагына өттү. Эксперттердин баамында аталган бала бакчанын рыноктук баасы 18 миллион 880 миң сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан