СУПЕРСТАН: "Эмнеге бардык нерсеге дайыма аял күнөөлүү?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмнеге дайыма аял күнөөлүү?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы автордун билдирүүсү: "Жүрөгүм кысылып кетти. Эмнеге бардык нерсеге дайыма аял күнөөлүү? Качан эркек өзүнүн катасын түшүнөт? Негизи эле күйөөңөр менен урушканда ак болсоңор да силерди күнөөлүү кылып коёбу? Менин жолдошум эч качан катасын түшүнбөйт. Мындайча айтканда, кыздар менен көп сүйлөшчү, бул мени тоготпогондугу да, туурабы? Айтсам ал кыянаттыкка жатпайт экен. Жадакалса сүрөттөрүнөн бери көргөм, ал да кыянаттыкка жатпайт экен. Анын ою боюнча качан гана ошол кыз менен "жатканда" гана кыянаттык болот имиш. Ошонун айынан экөөбүздө, жеке менде ага карата сый жоголду. Көп урушчу болдук, мага колу тийип, урат, тажаганда кетип калгам. Эми баарына мен күнөөлүү экенмин, кетпешим керек болчу экен..."

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Башка кыздар менен сүйлөшсө эмнеге үйлөнөт, тобо. Үйлөнгөндөн кийин жоопкерчиликти билиши керек да. Аябай жеңил ойлуу экен күйөөңүз. Өмүрлүк жар өмүр бою жаныңда жан шерик болот. Азыртан көңүл оорутуулар болсо эртең кантип жашайсың?, эх-х..."

"Кээ бир эркектерге таң калам, болгону алар "көпкөк дүмбүл" бойдон калып калгандар дейт элем. Үй-бүлө түйшүгүн сезбеген, аялы тургай баласын сыйлабаган, өз кызыкчылыгынын кулу болгон эркектер толтура (албетте, баары эмес). Мындай эркектер бир өмүр ушул мүнөз менен өтүп кетишет, болгону алардын аялы менен балдарына зор сабыр гана керек болот. Автор, сизге сабыр гана тилейм, айдын он беши караңгы, он беши жарык, балким, баары балдарыңыздан кайтар".

"Ооба, дайыма аял күнөөлүү... Мен дагы жаңы эле күнөөлүү болуп отурам. Баланы жакшы карабай мен оорутуптурмун. Кызык, атасы караса эмне болот? Түнү менен уктабай улам туруп карап, дары берип, суу берип караганым эсепке кирбейт. Мейли, бул жолу го мен эле күнөөлүү болоюн. Бирок буга чейин далай эле мындайлар болгон да. Жадакалса өзү ооруса да мен күнөөлүү. А мен болсо оорубаган темир-робот. Мен оорусам ишенбейт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiza16
2017-09-14 18:35:26
Ооба менин жолдошумдун ичкенине да мен куноолуу экенмин. Кайынсиндимдин канында токсоплазмоздун титри жогору болуп балдары катар олгонуно, боюнан тушконуно, журогу кемтик болуп торолгонуно да мени куноолу кылган кайненем убагында. Азыр мен да озумдун ийгиликсиз болгонума башка жакын адамдарымды куноолойт экенмин айтышкандарына караганда. Актануу адаты пайда болду. Окунучтуу.
-1
Nazaroff1974
2017-09-14 19:12:48
aiza16,ажыраштынбы анан,эрин алкаш,кайненен анаконда,кайынсиндин оорукчал болсо.Же ушунча жамандап алып деле жашап журосунбу?А жашап жатсан ХХХХ жазбай эле койчу.
+3
kochkor.siti
2017-09-14 18:35:43
Ошого
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан