“Кичинекей кезимден эсимде калганы - бул телевизор көрүү мага аябай жагар эле. Айрыкча сериалдарды тирмие тиктеп отурчумун. Катуу берилип алып, башкы каармандарга суктанчумун. “Мен да ушундай актёр болсом ээ?” деген таттуу кыял дал ошол балалыгымда пайда болгон”. 1989-жылы туулган түштүк кореялык актёр Ли Жоң Сок тасма талаасына келип калгандыгы тууралуу маектеринин биринде ушинтип айтып берген. Анын балалыгынан тартып багып келген кыялы анын учурдагы атактуулугуна чоң таасирин тийгизип келет.
Таң калууну жаратат, бирок Ли Жоң Сок кандай долбоорду тандабасын, ал сөзсүз чоң ийгилик менен коштолот. “Андай инстинкт сериалды тажабай көрүүнү жактырганымдан улам. Бош убактым боло калары менен үйгө шашам, түрдүү дорамаларды көрөм. Процесс учурунда ар кандай образдарды жаратууга аракет кылам, өзүм да сериал сүйүүчү болгондуктан элге эмне жагарын жакшы түшүнөм”, - деген актёр ийгилигинин сырын ачыктап берүүдө.
Ли Жоң Сок 2010-жылы чыккан “Сырдуу бак” дорамасынан кийин элге тааныла баштаган. Аталган сериалды көрүүчүлөр баса калып көрүшкөнү белгилүү. Ал эми актёрлукка моделдиктен келген атактуу мектептен эле акча табууга киришкен. Ли Жоң Сок тартылган популярдуу сериалдар - бул “Мектеп 2013”, “Мен сени уга алам”, “Пиноккио” жана “W: Эки дүйнө”.
Жакын арада Сюзи менен чогуу тартылган “Сен уктап жатканда” сериалы көрсөтүлүп баштайт. Айтмакчы, Гу Чжун Пёнун ролу менен таанылган Ли Мин Хонун учурдагы сүйлөшкөн кызы Сюзи менен буга чейин Ли Жоң Сок да кыз-жигит деген кептер тараган.
Актёр тууралуу дагы бир кызыктуу жагдай бар. Ал көңүл борборунда болуудан коркот. Эл көп болгон жерге баруудан мурун ал толкундануусун басаңдатуучу дары ичүүгө муктаж. Бирок анын мындай фобиясы рекорд жаратууга тоскоолдук кылбайт. 2015-жылы Ли Жоң Сок Кытайга барып, ал өлкөдөгү күйөрмандары менен онлайн-трансляция аркылуу 2 сааттык жолугушуу уюштурган. Түз эфир өз аянтчасына 800 миң адамды топтой алган. Бул фанаттардын жолугушуусундагы күйөрмандардын санынын көптүгү боюнча рекорд болуп калган.
Ли Жоң Сокту жактырган күйөрмандар анын келбетин көп талкуу кылышат. Шоу берүүлөрдүн бирине чакырылган актёрго алпаруучу тарабынан “сиз өзүңүздү кыздардан сулуумун деп эсептейсизби?” деген суроо берилген. Атактуу бир саамга ойлонуп, анан “жок” деп жооп берген. Бирок аны калп детектору “сатып” коюп, жообун жалган деп билдирген.
14-сентябрдын жылнаамасы.