Ирандын Дежга деп аталган айылында 80 жаштагы карыя бар. Анын терисинин сырты кат-кат болуп кабырчыктап калган. Ал эми андагы жыт бир нече метр алыстыкка чейин жетет. Бул анын кайсы бир илдетке кабылгандыгынан эмес, 60 жылдан бери такыр жуунбагандыгынан.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, карыянын аты Аму Хаджи. Ал эмне үчүн мындай жашоо образын тандап алгандыгын эч кимге айтып берген эмес.
Аму айылдын четиндеги жапыз тамда бир нече жылдан бери жашайт. Убактысынын көп бөлүгүн ордунда отуруп өткөрөт, үйүнөн чыгып күнгө жылынууну жактырат. Анын эң негизги буюму - суу өткөргүч түтүктүн бир бөлүкчөсү, ал бул түтүк менен малдын кургап калган кыктарын тамеки катары тартат.
Ал эми тамак-ашы - негизинен өлгөн жандыктар. Карыя аларды отко кактап бышырып жеп, күн кечирет. Кээ бир учурда айылдын тургундары тамак алып келип беришет.