Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон "POLO" кийимдер брендин баарыбыз эле билгенибиз менен, анын аталышы 1254-жылы 15-сентябрда Италияда жарык дүйнөгө келген соодагер, саякатчы Марко Полонун атынан коюлганын көпчүлүк биле бербесе керек. Марко Поло Европадан Кытайга чейин саякаттаган алгачкы адам катары да белгилүү болгон. Ал соодагерлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Бүтпөгөн талаш
Марко Полонун улуту тууралуу көптөгөн талаш-тартыштар жүрүп келет. Бири аны поляк улутунан дешсе, айрымдар анын улуту хорват деп билет. Азыркы мезгилге чейин Полонун кайсы улуттан экендиги белгисиз.
Янчжоу шаарынын губернатору
Саякаттоону Марко атасы менен баштаган. Көп убакыт жер кыдырып жүрүп монгол ханы Хубилайдын ардактуу коноктору болушат. Марко менен атасы Азия чөлкөмүндө 17 жылдан ашык жашашкан. Марконун эскерүүлөрүндө ага Монгол ханы ар кандай тапшырмаларды берип, Янчжоу шаарынын башчысы кылып дайындалганы жазылат.
"Миллион" мырза
XIII кылымда Марко Кытайга болгон саякатынан катуу таасирленип келген. Өзү көргөн нерселерди сүрөттөп берүү үчүн "миллион" сөзүн ойлоп тапкан. "Миле" италия тилинен "миң" дегенди түшүндүрөт, "оне" - чоңойтуучу, жогорулатуучу мүчө катары колдонулган.
Бир нече тилде эркин сүйлөгөн саякатчы-полиглот
Поло саякаттап барган жердин тилин, маданиятын үйрөнүүгө өтө көп көңүл бурган. Ал француз, фарсы, кытай, монгол тилдеринде эркин сүйлөгөн. Мындан улам жазган китебинде толук, так маалыматтарды берип, саякаттап барган жердин кооздугун мыкты сүрөттөй алган. Дүйнөнү кезген саякатчынын бул эмгеги "Дүйнө кереметтеринин китеби" деп аталат.
Бактысыз карылык
Марко саякатынан кайтып келген соң байдын кызына үйлөнүп, үч кыздуу болушкан. Бирок жашы өткөн сайын ал сараң абышкага айланган. Байлыктын айынан өзүнүн жакындары менен соттошконго чейин барган. Убакыттын өтүшү менен алыскы өлкөлөр тууралуу Марко айтып берген окуяларды элдер жалган, жөн гана алжыган абышканын оюнан чыгарган жомоктору деп айтышкан. 1324-жылы 70 жаш курагында көз жумган.
Белгилүү бренд
1967-жылы "MarcO’Polo" брендин швед улутунун өкүлдөрү Гете Хуссу жана Pольфу Линду жаратышкан. Алар өзүнүн брендинин аталышын төмөнкүчө түшүндүрүшкөн: "Биздин бренддин аталышы саякаттын, кызыктуу окуялардын, дүйнө жүзү менен таанышуунун символу. Мындан сырткары компаниянын алысты көрө билгендигин айтып турат".
Кызыл китепке кирген Марко Поло тоо текелери
Азия аймагында саякаттап жүргөн мезгилинде Марко аркарларды көрөт. Кыдырып келген бир да өлкөсүнөн мындай жаныбарды көрбөгөн саякатчы бул жаныбар жөнүндө китебине кеңири жазып, мыкты сүрөттөп берген. Ошондон улам биз памир аркары атаган жаныбар Марко Поло деген атка конгон. Марко Поло тоо текелеринин мүйүздөрүнүн узундугу 190 сантиметрге чейин жетип оролуп өсөт, салмагы 65-185 килограммга чейин жетет. Марко Полонун мүйүзүнүн баасы 1000 доллардан өйдө турат.
15-сентябрдын жылнаамасы.