Жанар Акаев президенттик шайлоо тууралуу: "Биз мал эмеспиз, ар бирибиздин жеке оюбуз бар"

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында таза шайлоо жана элдик маселелерине арналган иш-чарага катышууда. Анын жүрүшүндө Акаев жарандарды президенттик шайлоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн коркпоого чакырды.

"Мыйзам боюнча шайлоодо кайсы бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлаган чиновник жоопко тартылат. Өз укугуңарды коргогонду билгиле. Биз мал эмеспиз, ар бирибиздин оюбуз, жактырган кишибиз бар. Эгер кимдир бирөө коркутса бизге кайрылгыла, ошол кишинин аты-жөнүн айткыла, биз аны жоопко тартканга аракет кылабыз", - деди депутат.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Patriot7
2017-09-15 11:36:55
Жанар купулдогону менен колунан эмне келет эле?!! Колунан иш келсе Мусабекованы жоопко тартмак да... Мына интернетте Юридикалык академиянын окутуучулары студенттерди Жээнбековго добуш берууго мажбурлап жатканы аудиотасма болуп жарыяланып жатат. Ошол мугалим соройду таап жоопко тартсынчы ошондо ишенели....
+13
Atas
2017-09-15 11:49:43
Patriot7, Al akademianyn mugalimderi ele emes rektoru bash bolup dekandary tosh bolup SdpKanyn chlenderi
+10
isabek1977
2017-09-15 11:59:08
Patriot7,Кыргызда бетинен бузулгур деген соз бар.
-5
bakulya2015
2017-09-15 21:06:34
Patriot7,азаматсыз. Эн туура. Чын эле бизге айткыла дейт. Кантип айталы дардыбыз ичинде журот айтыштанда коркобуз. Же номер бербесе. Кантип айтабыз
+2
FIFA17
2017-09-15 11:50:58
Э Жанар ызылдай берет экенсиңда, өзүңөрдүн койнуңардагы жыландарга чара көргүлөчү биринчи. Карамушкинаң жүрөт орус тилин расмий кылабыз деп, ансыз деле кыргыз тили өнүкпөй жатканда. Ошого окшогондорго каршы чыкпайсыңбы?!
+18
Bekzamann
2017-09-15 13:06:53
FIFA17,туура
+7
Rasul94
2017-09-15 12:52:55
суйлоп элге жакшы корунгусу келет ушул бала
+6
NURSAPAR
2017-09-15 12:53:43
Биз жакта аш бермей башталыптыр
+5
Sayasatchy_bala
2017-09-15 14:32:17
Patriot7, Ал мугалимдин аты Асылбекова Н.Э Юридикалык Академияда Башкаруу жана Укук факультетинде сабак берет ГМУларга. Мен унун угуп ошол замат тааныдым. Бизге да сабак берчу. Бир жаман жери добуш бергенге туура келет, анткени академиянын мугалимдери шайлоо участкасынын коп жеринде иштешет. Алар добушту колго саноо учурунда оной эле ким кимге добуш бергенин эже айткан 4 студенттей оной эле таап коюшат.Себеби Юр Академиянын ректору да азыр СДПКдан депутат экени бештен белгилуу!
+4
ZHYRGAl1412
2017-09-15 14:39:39
Шайлоону 1жылда бир жолу кылып турса жакшы болмок элге көбүрөк акча коротот талапкерлер анан жакшыда иштешет беле кой кийинки жылыда президент болоюн деп .6жылда бийлик түптөлүп тамыр жайып кеңири жеп калат президентти эле эмес анын айланасындагылар министрлерди да байытып чөнтөктөрүн толтуруп жөнөтүп атабыз
+4
kenjebek_a
2017-09-15 15:51:10
Ээ Жанар кайни учкашканда кыйшык олтургансын.Кечирип кой эшектин тандаганы шоро дегендей тандоон СДПК болгон.Бизге кайрылгыла депсин тилинден тартпадык юракадемиядагы аудио запись боюнча сотко бер.Аягына чыгар.Ошондо ишенели элге куйгонуно же мандатына чуркаганынды.Негизи СДПК элди куураттынар.
+4
ZHYRGAl1412
2017-09-15 15:56:23
kenjebek_a,жанар азыр сдпкда эмес жетим козу партиясы жок мунун
+2
Lu4ano
2017-09-16 10:18:37
мунун деле суйлогону болбосо колунан эч нерсе келбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан