Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү 1999-жылы туулган Байыш Нурадил уулун издеп жатышат. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Байыш ушул жылдын 8-сентябрь күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
"Ошол күнү ак күрмө, көк түстөгү кыска шым, күрөң түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн. Бою 160-165 сантиметр, чачы кара түстө. Эгер аны көрүп-билгендер болсо, 0 (312) 43-01-27; 0 (312) 43-88-85; 0 (700) 67-55-56; 0 (700) 20-96-66 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.