SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Буттун тердегенин кантип дарыласа болот?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Байпак кийип, муздак суу менен 2-3 маал самын суу менен жууп туруш керек. Кытайдын арзан өтүгүн эч сатып албаңыз. Үйгө келгенде кургатканга аракет кылып, тальк дегендер сатылат буттун астына, салаалардын арасына сүртүңүз. Эч натыйжа чыкпаса врачка барганыңыз туура болот".
"Буттун тердөөсүн жоготуу үчүн жөнөкөй эле туздуу муздак сууга күнүнө бут кийимди чечкенден кийин жууп салыңыз. 3-4 жолу жуусаныз кетип калат. Уккандарым боюнча жазгы шүүдүрүмдү жылаңаяк басуу керек дешет".
"Көк чай демдеп бутка ванна жасасаңыз да абдан эффективдүү".
"Мен өзүмдүн башыман өткөн нерсени айтайын. Мындан 1-2 жыл мурун мен да мындай ооруга туш болуп, кыйналып көпкө чейин эч жакка бара албай жүрдүм. Анан акыры мындай кылып дарылангам: күндө эки жолу (эртең менен кечинде) бутту жөн гана муздак сууга жууп, анан бут кийимдин ичин бир литр сууга 5-6 тамчы кадимки уксус менен аралаштырып, бут кийимди 3 күндө бир жууп турчумун. Байпакты күндө алмаштырып, таза жууп туруш керек, антпесе мунун баары текке кетет. Бутту дайыма жуусаң өзүңө деле оң дайыма таза болот. Тырмактардын астын тазалап жүрүш керек. Болбосо микробдор тырмактардын астына кирип жата берет. Анан бут сасыбаганда эмне болот".
"Буттун тердеши - гипергидроз. Синтетикадан байпак кийүүдө, дайым жабык бут кийимден болот. Тердин 98-99 пайызын суу түзөт. Аны менен бирге адамдын организминен иштелип чыккан майлуу кислота, холестерин микроэлементтер түзөт. Мына ушул убакта жабык бут кийимден микробдор көбөйүп, буттун сасышы келип чыгат. Мындай учурда бутту эртең менен кечинде жууп туруу керек. Жуугандан кийин кургактап сүртүп, кадимки эле тальк менен колдонсо да жакшы. Эгерде бардык жогорудагы жазылгандар жардам бербесе дермотологго баруу керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.