Америка Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга чара көрүүгө чакырды

Америка Кошмо Штаттары Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, мындай чакырык кечээ, 15-сентябрда Пхеньян баллистикалык ракетасын экинчи ирет Япониянын үстүнөн учурган соң жасалды. Мындан улам Кошмо Штаттар Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга каршы “тикелей чара” көрүүгө чакырууда.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун билдирүүсүндө: “Кытай Түндүк Кореяга керек мунайдын көбүн берет, Орусия Түндүк Корея жумушчуларынын эң ири иш берүүчүсү. Кытай менен Орусия бул жоопкерчиликсиз ракета атуулар менен келише албай турганын көрсөтүп, тикелей чара көрүшү керек”, - деп айтылат.

Пхеньяндын соңку ракета атуусуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул отурумга чогулганы жатат. Атылган ракета Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынын үстүнөн учуп, Тынч океанга кулаган.

Пхеньян Япониянын Хоккайдо аралынын үстүнөн ракетасын буга чейин 29-августта да учурган болчу.

Анын артынан суутек бомбасын сынаганына байланыштуу апта башында БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга санкцияларды мурдагыдан катаалданткан эле. Пхеньян болсо Коопсуздук кеңештин чечимин четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
UEFA-FIFA
2017-09-16 08:42:20
Бечара акш, колунан эчнерсе келбей калып россия менен кытайга жалына баштаптырда. Түн Кореяда эркек экен акш ны пошел деп койгонуна караганда).
+18
muni.98-98
2017-09-16 09:23:11
Менин оюмча Америка колунан эч нерсе келбегин учун эмес Россия аларга иш Кытай эл республикасы нефть берип камсыздаганы учун кайрылып атат деп эсептейм
-8
isabek1977
2017-09-16 17:04:54
UEFA-FIFA,Бироонун колу менен чок кармайт дечу беле.Дуйнодо кайсы жерде жанжал болсо ошол жерден Американын кулагы корунот.
0
AKCAHAT
2017-09-16 19:28:18
UEFA-FIFA,4трлн$ гос бюджет, 325 350 377калкы бар,армиянын бюджети,саны боюнча рейтингде 1местаны акыркы 10ж эчкимге бербеген, Великая восмерканын атасы союздашы,азиянын 4 жолборсун бутка тургузган,Нато,ООН,Пентагонду башкарган Америка байкуш,Супер инфодо сонку кабарда ушунтип уят болуп атканын сезди бекен?))) Эгер Америка туздон туз кайрылса терс жооп алат, конфликт кучойт 3чу дуйнолук согуш чыгып кетуу ыктымалдуулугу жаралат.Америка ойлогон ойду, планды биз омур бою дагы ойлоп тубуно жетпейбиз
+2
aerforce
2017-09-16 09:21:42
Колундан келбейби эмне тийишип жатасын оз окатыны кылаберда ушул Америкостор мурдун ар жерге тыгып журот
+6
Lu4ano
2017-09-16 10:26:47
ушулар ядерный,атомный бомбаларын токтотсо болот еле
+6
nur_zhoni
2017-09-16 14:19:56
Америка туура эле кылып жатат эгер ушул японяга куласа канча миллион адам олмок
-1
Birimdik5555
2017-09-16 14:24:32
Тынчтык жолу менен эскертели деп атат окшойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан