БУУ: "Дүйнөдө 800 миллион киши ачкачылыктын азабын тартып жашап жатат"

Дүйнө жүзүндө курсагы тоё тамак жебей, ачкачылыктын азабын тартып жашагандардын саны 815 миллионго жетти. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык 5 уюмунун докладында окулгандыгын РИА Новости агенттиги жазган.

Ачкачылыктан азап тарткандардын саны акыркы 10 жылда азайганы менен, учурда согуштук чыр-чатактардан, климаттын өзгөрүшүнөн улам кайрадан алардын саны өсүүдө.

Докладдагы маалыматка ылайык, балдар арасында курсагы тойбогондордун саны бир топ төмөндөгөн. 2005-жылдан бери салыштырып алганда өз курагына бою жана салмагы туура келбеген балдардын саны 29,5 пайыздан 22,9 пайызга чейин азайган. Ошентсе да 2016-жылга алынган маалымат боюнча жашына бою туура келбеген балдардын саны 155 миллионго жетет. Бул ар бир төртүнчү баланын бою жашына туура келбейт дегенди түшүндүрөт.

Ошол эле учурда былтыркы жылдагы маалыматка ылайык, ашыкча салмактан жапа чеккен балдардын саны 41 миллионго жетип, жалпы бөбөктөрдүн 6 пайызын түзгөн. Бул көрсөткүч 2005-жылы 5 пайыз болчу.

Изилдөө жүргүзгөн уюм чыр-чатактар көп мезгилден бери токтобой келген өлкөлөрдө азык-түлүк каатчылыгы өзгөчө байкала тургандыгын кошумчалашкан. Буга мисал катары акыркы 6 жылдын ичинде Сириянын агрардык секторуна 16 миллиард доллар зыян келгендигин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Djal1987
2017-09-16 17:06:06
За то москвада байлардын ден соолугу учун канча желбеген продуктылар ыргытылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан