SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чүш-ш-ш! Акырын! Бала ойгонот..." деген тема талкууга алынган.
Темадагы автордун билдирүүсү: "Үйлөндүңөр, бал айы жана башка кадимки турмуш башталды. Чай куймай, идиш жуумай, биринин телефонун бири текшермей жана башка ушул сыяктуу. Анан түн кирет. Түнкү иштерди өз убагында кээ бир жаш үй-бүлөлөр баштоодон тартынышса керек. Анткени үйдө башка адамдар бар. Кайын эне, кайын ата дегендер же кийин бала-чакалуу болуп калышса жана үйү тар болсо баласы ойгонот деген кооптонуудан да жыныстык катнашты толук кандуу аткара албай калган учурлар. Кыскасы, ушундай учурлардан кандай чыгат элеңер? Же алар эмне башка планетадан келиптирби деп көзгө илбей эле ишиңерди уланта бересиңерби?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Үйлөнгөндө бир жума үйгө коноктор келип, кээ бири жатып калып, кыйла "жүдөткөн" учурлар болгон. Кызык экенбиз, ошол меймандарга карабай "ишибизди" кылганбыз. Кийин меймандар да кетип, ата-энелерибиз да бизди бөлүп койгону үчүн көбүнесе жыргап эле жүрөбүз. Азыр бир уулубуз бар, жети айлык. Азырынча "жыргализм".
"Ой, бул көйгөй азыр менде бар. Анткени турмуш шарттарына байланыштуу азыр менин апам менен бир бөлмөлүү үйдө жашап жатабыз. Ал ишти унутуп деле калдык. Кээде күндүз жолдошум жумуштан эрте келгенде, 10 айлык кызыбыз бар же ал уктабайт десең, кыйналып жүрөбүз".
"Ишиңди баштагыча бир аз кыйыныраак го, бирок башталып кеткенден кийин адамдар эмес, үй өрттөнүп жатса да күткүң келбейт".
"Эми бир окуянын үч түркүгү бар да: убакыт, болгон жер жана катышуучулар. Эмнеге эле сөзсүз түндө анан үйдө болушу керек. Эгерде такыр болбой бара жатса, бир бөлмөдө жаткан чоңдордон уялмак эмесмин (андай болгон эмес го) көп болсо жаш маалын эстеп коёт да. Ал эми кичинекейлердин бат уйкусу терең уйкуга алмашканда ыңгайлуу мезгил келет деп ойлойм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.