ЖЫЛНААМА, 17-СЕНТЯБРЬ: Президент Алмазбек Атамбаев 61 жашка толду

Бүгүн, 17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев 61 жашка толду. Ал 1956-жылы Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Атасы Шаршен сот системинде, апасы Канымкүл колхоздо эмгектенген. Алмазбек Атамбаев мектепти аяктаган соң Москва башкаруу институтуна тапшырып, 1980-жылы инженер-экономист адистигине ээ болуп чыккан.

Алмазбек Атамбаев эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган. 1981-1983-жылдары №4-ЖЭБде башкы инженер, ал эми 1983-1987-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунда ар кандай кызматтарда иштеген. Атамбаев 1987-1989-жылдары Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 1989-1997-жылдары болсо “Форум” илимий-өндүрүштүк фирмасынын директорлук кызматын аркалаган. 1997-1999-жылдары “Кыргызавтомаш” АКсынын башкы директору болуп эмгектенген.

1999-2004-жылдары – “Форум” өнөр жай тобунун директорлор кеңешинин төрагасы, 2004-2005-жылдары “Кыргызавтомаш” корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы, 2005-2006-жылдары экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу, министр болгон.

Андан соң 2006-2007-жылдары премьер-министр болуп иштеген.

2007-2010-жылга чейин активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенген.

Ал эми 2010-жылдын апрель-июнь айларында Убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары болсо, 2010-жылдын ноябрь-декабрь айлары Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясын жетектеген. 2010-жылдын 20-декабрында премьер-министр болуп, 2011-жылдын 30-октябрында президент болуп шайланган.

2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка расмий киришкен.

17-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Rasul94
2017-09-17 16:07:56
туулган кунунуз кут болсун!улуу урматтуу окумдар
-22
isabek1977
2017-09-17 16:26:09
Туулган кунунуз менен куттуктайбыз.
-24
Rasul94
2017-09-17 21:12:57
isabek1977,экообузго минус жайнап кетиптир го
-4
Arlen92
2017-09-17 16:33:33
аран 61 деби
ХХХХ
+25
leilekstan_1987
2017-09-17 17:50:38
Arlen92,туура айтасын 80деги абышкадан беш бетер ХХХХ
+17
admin_superstan
2017-09-18 10:30:46
leilekstan_1987, Arlen92, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
0
Rajab
2017-09-17 16:48:17
Кут болсун го ар бир адам туулат ушул туулган кундо эмне менен алек эмне кайыр эхсан кылды? же очуп калдыбы?
+8
Bekzamann
2017-09-17 17:44:39
Урматтуу президент мырза омурунуз узун, ден-соолугунуз бекем болсун дайыма сый урматтын устундо журуп бар болунуз!
-11
Lu4ano
2017-09-17 17:59:14
эртереек кетсе болот еле
+12
nurbekasr
2017-09-17 18:49:56
Ииий башка жаңылык жокбу көңүлдү көтөрө турган.Кыргызстанга башка президент болсо төбөбүз көккө жетип сүйүнмөкбүз,тилекке каршы 6 жылдан бери андай сүйүнүч болбой келет.Бирок аз калды башка адам келет менин президентим деп сыймыктана турган.
-9
Atakem01
2017-09-17 19:59:19
Супер инфо интервью алып койбопсуңар туулган күнүн куттуктап.
+4
almanbetperm
2017-09-17 20:31:25
Маматкуловго чалыпсынар,ашагада чалып койбопсунар.
+2
ukmuw-ukmuw
2017-09-17 21:17:50
Аман еле болгула !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан