СУПЕРСТАН: "Чач көп түшкөндө эмне кылуу керек?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чач көп түшкөндө эмне кылуу керек?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Чач эмнеден улам түшөт? Кыргызда "бала талпынганда түшөт" деп айтып коюшат го, сиздин буга тиешеңиз жок болсо анда чачты дарылаардан мурун дарыгерге барышыңыз керек. Себеби чач гормондордун бузулушунан, А витамини, кальций жетишпесе да түшөт. Боёктон да болушу ыктымал. Алгач себебин билип алганыңыз оң. Ошентсе да бир рецепт жаза кетейин, бул пияздан жасалган маска - чачыңыздын түбүн бекемдейт, өңүн жакшыртат, азыктандырат, өстүрөт. Пиязды майдалап анын ширесин чачты жуугандан 2 саат мурун чачыңыздын түбүнө сүйкөп анан жылуу шапка кийип алыңыз. Анан жууп коюңуз. Ден соолукта болуп чачыңыздын түшкөнү азайып кыз жибек болуңуз".

"Мен да бардык маскаларды жасап көрдүм, бирок жыйынтык болгон жок. Бир күнү телевизор көрүп отурсам, чач боюнча адисмин деп бир дарыгер кардардын башын кадимки эле шампунь менен массаж кылып,акырын жулмалабай, башына шапка кийгизип, буттарын ысык сууга салып, 15 мүнөткө отургузуп койду. 15 мүнөттөн кийин жууп жакшынакай, текшерип көрсө кадимкидей эле жаңы чачтар чыгып калды. Массажга чейин чоң экрандан чачтын түптөрүн көрсөткөндө, чачтын аздыгынан аябай эле коркунучтуу көрүнүш болчу. Көрсө биз башыбызды 1 мүнөткө да жеткизбей эптеп жууганда, чачтын түптөрүндө көзгө көрүнбөй кирлер тура берет экен да, анан жаңы чачтар чыга албай, витаминдер да ары кире албай кыйнала берет экен. Болгону 2 күндө бир таза жууп, шампунь сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин чайкап, анан жогоруда айткан массажды 1 айда 2 жолу кылып, анан, албетте, стресске кабылбай, кайгырбай жүрүш керек".

"Менин да чачым түшүп аябай жука болуп кетти эле, жердин баары чач дегендей. Көп нерсе кылып көрдүм, бирок натыйжасын ала албадым. Кийин зыгыр майын колдонуп көрөйүн деп дарыканадан сатып алдым. Муздаткычта сакталат экен, ошондон алып туруп эле муздак бойдон чачка сүртүп эки-үч саат түйүп жүрдүм. Анан колдонгон шампунь менен эле жууп, тарабай эле кургатып, бир жумада эки жолу кайталап жаттым. Бир бөтөлкөсү түгөнгүчө колдондум, жакшы натыйжа берди. Азыр чачым коюу, анан узун, түшкөнү да азайды. Балким, сизге да жардам берер".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан