Индиялык жаран алкоголь ичимдиги жана уюлдук телефон үчүн 11 айлык ымыркайын сатканы айтылууда

Индиянын Орисса штатынын жашоочусу алкоголдук ичимдик жана уюлдук телефон сатып алуу үчүн 11 айлык баласын чоочун адамдарга саткан. Бул тууралуу британиялык "The Sun" гезити жазып чыкты.

Маалым болгондой, алкоголдук ичимдик менен жабыркаган жана пол жуугуч болуп иштеген эркек өзүнүн 11 айлык ымыркайын 270 фунт стерлингге (болжол менен 25 миң сом) сатып, ал акчага өзүнө уюлдук телефон, 7 жаштагы кызына билерик жана спирт ичимдигин алган. Ошондой эле бул окуяга анын байкеси жана социалдык органда иштеген кызматкердин да тиешеси бар экени жазылган.

Ал эми наристени 60 жаштагы жубайлар сатып алышкан. Алар 2012-жылы 24 жаштагы уулу мезгилсиз дүйнөдөн кайткандан бери депрессиядан чыга албай келишкени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Batma08
2017-09-18 11:45:56
Мен балдарымды бир тонна алтынга дагы алмаштырбаймго
+10
Hadyja
2017-09-18 12:04:10
Арак ичкен атасынан коро,мээрим токкон ботон ата-эне жакшыбы деп ойлойм.Кор болгуча,барктуу болгон балага жакшыраакпы деп ойлойм.Эгер ата-энеичимдик ичсе,бага албаса деген шартта
+10
jypara1415
2017-09-18 13:56:35
11 айлык наристенин энеси кайда экен ?
+2
engel
2017-09-18 14:14:30
Алкаштан коро ошол кемпир чал бополоп асыраганы жакшы го дейм... А атасына келе турган болмок азыр адамдарга тан калып кереги жок!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан