Бишкектеги жаңы конуштарда 2 мектеп, бир бала бакча ачылат

2017-2018-окуу жылынын аягына чейин Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 960 орундуу мектеп колдонууга берилип, Мурас-Ордо конушунда жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов билдирди.

"Бишкекте 49 жаңы конуш бар болсо, ал жакта 30 гана мектеп иштейт. Көлмө конушунда 1993-жылдан бери иштебей турган бала бакчаны оңдоп-түзөө иштери бүтөйүн деп калды. 20-октябрда 160 баланы батырган бала бакча колдонууга берилет", - деди ал.

Мэриянын өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, быйылкы окуу жылынын башында Жал кичи районунда 600 орундуу, Калыс-Ордо конушунда 660 орундуу мектеп колдонууга берилген. Ошондой эле 140-бала бакчанын тегерегине тосмо орнотулган.

"Учурда кооптуу абалдагы 25, 28, 10, 44-мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Алардын үчөө 4 жылдан бери иштебей турган. Бул мектептерди 2017-жылдын аягына чейин колдонууга берүү пландалууда", - деп билдирди Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев.

Ал эми мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова ушул жайда ата-энелер Бишкектеги мектептерди оңдоп-түзөө иштери үчүн 57 миллион сомдон ашык акча топтоп бергенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuba-savai87
2017-09-18 12:29:22
Ак ордодогу мектепти чыдамсыздык менен кутуп атабыз. Качан ачылат?
+3
Midub
2017-09-18 12:44:23
Ак-Жарга да ачкыла
0
Petrovka
2017-09-18 22:36:17
Супер инфо Тынчтык конушуна качан мектеп салынат экен маалымат берип койсонор жакшы болмок. Балдарыбыз кыйналышты мектеп жок мектеп узак кышында аябай кыйналышат
0
admin_superstan
2017-09-19 10:34:31
Petrovka, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан