Бишкекте бала бакча курулчу жерге ишкер аял 3 кабаттуу имарат куруп жатат. Буга 80дей үй-бүлө каршы чыкты (фото)

Бишкектин Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үч көп кабаттуу үйдүн ортосу бүгүн, 18-сентябрь күнү эртең менен күтүүсүз жерден курчоого алынып курулуш иши башталды. Ал жерге балдар кийимдерин сатуу үчүн үч кабаттуу дүкөн куруу пландалууда. Буга 80дей үй-бүлө жашаган үч үйдүн жашоочулары курулуштун жүрүшүнө каршы болуп чыгышты. Тургундардын айтуусуна караганда, бош турган 15 сотых жер тилкеси мындан 13 жыл мурун жеке тараптарга 49 жылга сатылып кеткен.

Тургундар акыркы 3 жылдан бери кайтарып алуу аракетин көрүшүп, бирок майнап чыкпай келген. Тынаргүл Рыскулова аттуу тургун бул жерди алгач сатып алган Нурманбетов аттуу жаран 9 кабаттуу үй куруу пландалганын, ал эл каршы болгондон кийин кайра Дилара Раимжанова дегенге сатып жибергенин айтты.

"Бул жер 2004-жылы сатылып кеткен экен. Аны биз билген эмеспиз. 2014-жылдын май айында балдар аянтчасын курушубуз керек болгондо Нурманбетов деген адам сатып алганын айтып чыкты. Ал бул жерге 9 кабаттуу үй тургузмак экен. Каршы болуп 1,5 жыл соттошкондон кийин ал Раимжанова дегенге сатып жиберген. Аны менен соттошуп отуруп, Бишкектин райондор аралык соту бизди "сот белгиленген убакыттан кечигип келдиңер" деп ишти токтотуп койгон. Ошону менен Раимжанованын пайдасына чечилген. Бир апта мурун курулуш иши үчүн электр зымын тартууга каршы чыкканыбызда Октябрь райондук администрациясы аларга "элдин макулдугу жок электр зымдарын тарта албайсыңар" деген. Бүгүн эртең менен "макулдук берилди" деп келип алып иш баштап жиберишти", - деди Рыскулова.

Курулуш жүрчү жерге тургундар тарабынан дарактар отургузулган. Алар дарактарды кыюуга макулдук берилген документти талап кылышты. Бирок курулушту жүргүзүп жаткан компаниянын өкүлү дарактар кыйылбастыгын, аны бош орундарга көчүрүп коюшарын билдирди.

Жашоочулар күз айы болгондуктан дарактар куурап каларын эскертишти. "Дарактарды көчүрүп коёбуз" дегени менен азыр күз болгондуктан даракты кайда көчүрсөң да куурап калат. Аны сугаргандарга айына 9 миң сомдон төлөп беребиз. Андан сырткары бул жер сейсмологиялык талапка ылайык келбейт. Биз жашап жаткан үйлөр салынып жатканда архитекторлор да жерди жөн калтырган жок да. Жер титирөө катталса эки тараптагы 9 кабаттуу үй кулап кетсе, бири-бирине тийбесин деп калтырышты да. Ага кошумча 3 кабаттуу дүкөн салынса жанындагы үйлөрдүн 4-кабатына чейин көлөкө түшүрүп турат. Күн көрбөй кантип жашайбыз? Бул жерде "Орто-Сай" базары болгондуктан да жол тыгыны пайда болуп, ыңгайсыздык жаратып келет. Жакшы жашоого тынчтык бергиле да", - деди тургундардын бири.

Бул учурда мэриянын өкүлү келип документтер мыйзамдуу экенин белгилесе, Октябрь РИИБинин коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурдин Акматов курулушта иштеп жаткан адамдардан документтерин көрсөтүүнү талап кылды. Бирок курулушчулардын эч кимиси документтерин алып чыга алышкан жок.

Маалым болгондой, эки сотых жерге имарат тургузулат. Мындан сырткары алдына унаа токтотуучу аянтчасы да курулат. Жер ээлери ал үчүн бардык тийиштүү уруксат кагаздары алынганын айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madina.87
2017-09-18 16:05:30
Бирин олуп бирин кал,акча учун баарын сатаи биздикилер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан