ЭЛДИК ВИДЕО: Үлпөт арабасын сүйрөп келе жаткан ат эсин жоготуп жатып калды

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Үлпөт арабасын сүйрөп келе жаткан ат эсин жоготуп жатып калды" деген аталыштагы видео жүктөлгөн (Ник: Englishman).

Анда эки жашты арабасы менен сүйрөп келе жаткан ат жолдун ортосунан эсин жоготуп, кулап калган. Видео көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен тартылган. Маалым болгондой, ат оор жүктү көтөрө албай эсин жоготкон. Ал сүйрөп бара жаткан араба менен адамдардын салмагы биригип болжолдуу түрдө 400 килограммды түзгөн.

Бул видео интернетке тараган соң жаныбарларды коргоочулар адамдарды ат араба менен сейилдетүүчү ишканага карата терс сын-пикирлерин айтып, аларды сотко берүү керектигин баса белгилеп жатышат.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
madina.87
2017-09-18 16:15:18
Аттын деле жаны барда.еамчылап айдап жыргап баратышса керек эле.Аттын чарчаганы менен иштери жок!!!
Байкуш кыйналып калганы корунуп турбайбы
+2
Batma08
2017-09-18 16:35:07
Эки же уч атты суйротпоптурда
0
Rajab
2017-09-18 16:58:44
Алалдабайсынбы арам болуп олгон мал жандык кыйналып олот
-2
AKCAHAT
2017-09-18 21:16:12
Кайсы Золушка мн принц болду экен, атта сейилдеген
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан