Бишкекте бүгүн, 18-сентябрда активист Эдил Байсалов маалымат жыйын берди. Тема - Кыргызга ГЭС курарын билдирген "Liglass" компаниясынын тегерегиндеги кырдаал.
Байсалов өкмөт тезинен "Liglass" компаниясы менен түзгөн келишимин жокко чыгарышы керек деп эсептейт. "Бул өлкөнү шылдыңдоо. Келишимди тезинен бузуп, аларды өлкөдөн айдап чыгыш керек", - деди активист.
Бишкекте бүгүн маалымат жыйын берген "Liglass" компаниясынын башкы директору Михаил Смелик компанияны каралады деп Эдил Байсаловду сотко берерин айткан эле. Бул боюнча Байсаловдун жообу:
"Мен бул кызыктуу адамдар менен соттон жолугушууга даярмын. Бишкекте, АКШда, мейли, Майамиден сотто жолугушканга макулмун. Анткени чындык мен тарапта, мен улуттун кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жатам".