Өткөн аптада Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналист Зулпукар Сапановду анын "Кыдыр санжырасы" китеби үчүн 4 жылга эркинен ажыраткан. Акыйкатчы Кубат Оторбаев журналистке карата чыгарылган өкүм анын Конституциялык укуктарын бузду деп эсептей турганын бүгүн тараткан билдирүүсүндө белгилеген.
Акыйкатчы сотту Зулпукар Сапановго карата чечимин кайра карап чыгып, аны камактан бошотууга чакырат.
"Соттун чечими чыккандан кийин мен Зулпукар Сапановдун китебин окуп чыктым. Чыгарманы диндин канондорунан тышкары кароо керек деп ойлойм жана бул жагынан караганда китептин динге тиешеси жок. Ал эркиндикти сүйгөн, курч проблемалар боюнча жарандык бекем позициясы бар, ошондой эле эки кылымдан бери адамзат башынан өткөрүп келе жаткан трагедия, согуш жана башка терс көрүнүштөрдү аӊдап, таанууга аракет жасаган адамдын ойлору.
Кыргыз Республикасы Конституцияга ылайык демократиялык жана динден тышкары мамлекет болуп эсептелет. Ал эми Конституцияга ылайык ар бир жаран сөз жана чектелбеген ой эркиндигине укуктуу. Ошондуктан журналистке каршы соттун өкүмүн инквизициянын караӊгы дооруна кайтуу катары мүнөздөөгө болот.
Чыгармачылык менен байланышкан иштерди кароодо тергөөчүлөр менен соттор динден тышкары же динден өйдө турушу кажет. Анткени Күн Жерди эмес, Жер Күндү айланат деген пикири үчүн Жордано Бруно өрттөлгөн замандан бери адамзаттын акыл-эси дагы, тутунган мыйзамдары дагы зор прогресс жасады. Бирок ошол учурдун жапайы актыларды ишке ашырган, мурдунун учунан алысты көрө албаган “ишмерлеринин” жасаган иштери ушул күнгө чейин алардын урпактарынын бетине чиркөө болуп келе жатат", - дейт Кубат Оторбаев.