Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылынын биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу мурдагы депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин мыйзамдуулугу жөнүндө БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев жана президенттикке талапкерлер же алардын өкүлдөрү доклад жасашат. Президенттик шайлоо алдындагы кырдаал талкууланат.
Эскерте кетсек, аталган кыймыл быйыл 12-сентябрда түзүлгөн. Алгачкы аталышы "Таза шайлоосуз таза коом жок!" эле. Бирок кыймылдын бет ачарында депутат Жанар Акаев жана айрым саясатчылар Кыргызда "таза" деген сөздүн баркы кеткенин, бул сөз ашкере көп колдонулуп жатканын белгилешип, аны башкача атоону сунушташкан. "Акыйкат шайлоо үчүн" деген аталыш да ошондо сунуш кылынган эле, колдоого алынганы белгилүү болду.