Экотехинспекция: "Сокулук районундагы жолдун боюнда жайгашкан соода күркөлөрү алынды"

Сокулук районундагы жолдун боюнда жайгашкан соода күркөлөрү алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган инспекция тарабынан жол боюндагы кызыл сызыктан өтүп кеткен соода күркөлөрүн алуу тапшырмасы коюлган. Бирок унаа өтүүчү жолдорго жакын жайгашкан соода-сатык жайлары тапшырмаларды аткарган эмес.

"Кызыл сызыктан ашып кеткен соода жайлары унаалар өтүүчү жолду тарытып, айрым учурда ар кандай кырсыктарга себепкер болуп калууда. Андыктан инспекция өлкөнүн бардык стратегиялык маанидеги жолдордо мыйзамсыз иштеген күркөлөрдү иретке келтире турганы эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан