Роза Отунбаева журналисттерди президенттикке талапкерлердин аялдары тууралуу жазууга чакырды

Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.

Экс-президент Роза Отунбаева: "Азыркы учурда талапкерлердин программаларын уккан жокпуз. Баары эле жыргатабыз, суу чыгарабыз деп жатышат. Конституцияга кирген өзгөртүүлөрдөн кийин жаңы шайлана турган президенттин статусу такыр башкача. Ыйгарым укуктары кыйла азайган. Журналисттерге кайрылам, үстүртөн карабай, талапкерлер тууралуу ири аналитикалык материалдарды жасасаңар. Экинчиси - талапкерлердин үй-бүлөсү тууралуу эч нерсе жазылбай жатат. Сулуу жигиттер эле жүрөт, алардын жубайлары жөнүндө сөз жок. Аялдары президенттерди бузарын билебиз. Бул чечүүчү эмес, бирок маанилүү фактор. Талапкерлердин штабында кимдер иштеп жатканына да көңүл буруу керек", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taalay25
2017-09-19 13:55:37
Туура айтыптыр. Штабдарды караш керек. Ал жак карангы токой. Барып корсон точно оозун ачылат. Гарантия берем. Ишенбесенер бир эки штабды кыдырып коргуло. Мен убагында коргом. Соз кургак болбошу учун айтайын. Суваналиевдин штабында М. Эшимкановду коруп тан калгам. Бабановдун штабында Кайсар деген казакты коруп ооз ачылган. Мадумаровдун штабында мурда жетекчи кызматта иштеген жоон топ журналистерди коргом
+5
ajdaaar
2017-09-19 14:11:05
Ушул Отунбаева тойгузду да!!! Ал эл башкарган убакта кыйратты беле?!! Тын президент болсо Ош окуясы тутанып жуздогон бейкуноо адамдар каза болмок беле?!!


Отунбаева акылдуу болсо, Россиядагы элчи иниси Болот Отунбаевди жакшы иште деп ошону тарбияга чакырып алса болбойбу?!!
0
Azatbek83
2017-09-19 14:48:15
Убактылуу окмот биринен бири коркуп оздору менен чогуу кайыкта бирге болгондорду жок кылууга арекет кылып жатышат.Эртенки кундон коркуп элди эстеп калышыптыр.Бул аялда чон куноолору менен тымызын ак болуп журот.Кыныр иш кырк жылда билинет булардын да жоопко тартылып жооп бере турган кундору алыс эмес.Эл учун эмес эртенки оздорунун иштери ачылып калбасын деген ойдо иштеп жатышат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан