Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өттү. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.
Жыйындын соңунда президенттикке талапкерлердин биринин өкүлү Баяс Турал Аксыда административдик ресурс колдонулуп жатканын айтты.
"Биз көп эл чогултпай турганыбызды айтып, жолугушуу өткөрүүгө маданият үйүн сурасак бербей коюшту. Стадионго өткөргүлө деди. Башкалардай бизде ырчылар жок. Айрым талапкерлер барса, айыл өкмөттөрү жолугушууга элди ташып жатышат. Акча да таратып жатканын айтышты. БШК чара көрүшү керек, болбосо талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөйт", - деди Турал.
Кыймылдын кийинки отуруму келерки аптада өтмөй болду. Ал жыйында конкреттүү чечимдер кабыл алынарын эскертишти уюштуруучулар.
Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.