СУПЕРСТАН: "СССР тарагандан кийин жокчулуктан кышында мектепке туфли кийип, нан ордуна алманын кагын жеп жүрдүк"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Союз тарагандагы кыйынчылыктар" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Атамдын айлыгына арак берсе ошону сатып күн көрөр элек. Нан жок ачка калгандыктан машак терсекпи дегенбиз. Кышты болсо үйдөгү жалгыз тоокту кайнатып жеп өткөрдүк. Сабиз бар эле, ошону менен тузду аралаштырып, корей салатын жасап курсак тойгуздук. Ошол күндөрдүн таасириби, билбейм, азыр да сарамжалдана берем. Күйөөм да жакшы кийимди маанилүү күнү кием деп аяй берет. Ошентип модасы да өтөт".

"Балалыкта барчылык да, жокчулук да болду. Загара нанга (жүгөрү ундан жасалган нан) зар күндөр болду. 1998-жыл болсо керек, апам экөөбүз тегирменден жарым каптан азыраак жүгөрү унун алып келгенбиз. Жолдо келе жатып "эми ач жүрбөйбүз" деп кудуңдап сүйүнгөнүм эсимде".

"Талон менен азык-түлүк алчубуз. Көпчүлүк болгондуктан бизге көп тийчү. Биринчи жолу "кыргыз нан" деп буудай тарттырып ун кылып, апам нан жасаган. Жей албай койгонбуз. Өзгөчө кийимден катуу кыйналдык. Сабакка сыдырмасы бузук өтүк же сары өтүк кийип барган күндөр болгон".

"Ал күндөрдү эстесем ыйлайм го... 1-класска баргандан 11-классты бүткүчө курсагым нанга тойгон эмес. Кыштан туфли менен чыккан күндөр болгон. Ошол жылдары адамдар ачка калып, Казакстанга агылып эле кетип калышкан".
"Эх, бул теманы окуп алып жүрөгүм ооруду. Ошондой кыйынчылык кезде 10 жашымда алтыным апамдан айрылгам. Бизди жесин деп өзү жебей кыйналып жүрүп өтүп кетти".
"Дале эсимде, кышында үйдө нан жок алманын кагын жечүбүз. Сиңдим экөөбүз бир өтүк кийчүбүз. Эгер ал мектептен кечигип келсе, мен кышында жыртык кеданы кийип окууга кетчүмүн. Бир сындырым нан биз үчүн эң улук нерсе болчу, эмнеси болсо да ал күндөр өттү. Шүгүр, азыр үйдө баары бар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akshumkar
2017-09-19 16:27:52
Ооба чындыгында союз тараганда аябай кыйналганбыз, эмесе кеттик. Дробилкадан чыккан 2 сорттогу талкандай болгон кара ун, Иним экообуз бир туфли менен бир шымды окууга алмак салмак кийчубуз, бир кой 150 сом бир тай 1400 сом, сахар воопше жок карандай туз кошулган чай. укканыбыз касетасы чайнаган кытайдын магнитофону. Ошондо айыл окмот аким жана мекеменин начальниктери жыргап жургонун корчумун. Ээххх акаев акаев жакшылык корбой кал.
+2
aydinnur
2017-09-19 22:40:54
Akshumkar,жазганыңыз караганда 98-жылдар го.. болбосо биринчи тараган 92-93 жылдары кой 2 бөтөлкө арак же сом менен 5 сом болчу... Акаевдин акмак экенине жүз пайыз кошулам..
+2
beka1207
2017-09-19 22:43:18
Акаевде эле күнөө эмес...жалпы Союз өлкөлөрү өз алдынча кеткенден кийин кыйналышты,алардын ичинде биз дагы!
Эми болсо кудайга чексиз шүгүр...үстүбүздө үй жегенге наныбыз бар
0
bond
2017-09-20 16:32:16
Мен дагы кичине болчумун бирок ойлонсом жокчулук менен жутчулукту Акаевдин келесоолугу деп билем. Кыргызга совхозду болуп бергенде мал багышты билбегени да алып койлорду бир жылга жетпей жеп олгону олуп ачкачылык башталган.ошондо эсимде твдан коргозгон Австралиядан самолёт менен кой алып келгенин койдун баарын таратып кой ташыган ошол АКАЕВ болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан