Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Талас облусуна болгон иш сапарында облустук оорукананы медициналык жабдуу менен камсыз кылганга өкмөт жардам берерин айтты. Иш сапарында жергиликтүү тургундар облустук ооруканада медициналык жабдуу тез аранын ичинде керек экенин айтышып, ошондой эле жүрөк оорусу көбөйүп жатканын белгилешти.