Бүгүн, 21-сентябрда активист Адил Турдукулов президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого үгүттөгөн дин аалымы Чубак Жалиловдун жана вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кайрылуулары боюнча укуктук баа берүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына эки арыз жазды. Бул тууралуу ал SUPER.KG`ге өзү билдирди.
"Буга чейин деле бийлик талапкери тарабынан бир канча үгүт эрежелери сакталбаган, мыйзам бузулган учурлар болду. Бирок БШК баарына көз жумуп келе жатат. Мыйзамга ылайык, дин кызматкерлери үгүт иштерине, шайлоо өнөкөтүнө кийлигишүүгө болбойт. Чубак Жалилов дин аалымы, мурдагы муфтий, аалымдар кеңешинин мүчөсү. Мамлекеттик кызматтагы адамдарга да үгүт иштерине аралашууга мыйзам жол бербейт. Ал эми мамлекеттин жогорку кызмат адамдарынын бири Баткенде шайлоочуларды үгүттөп жүрөт. Кечээ бул тууралуу аудио, видеолор тарады. Мен бүгүн бул фактылар боюнча БШКга кайрылдым. Эгер Борбордук шайлоо комиссиясынан жооп болбосо, мен БШКнын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылам. Анткени Башкы прокуратура мыйзамдуулукту көзөмөл кылуучу орган", - деди активист.
Айта кетсек, 19-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусунун активи менен жолугушуп, КСДПнын талапкерин колдоорун айткан. Ал эми диний аалым Чубак Жалилов 20-сентябрда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Сузакта эл менен жолугушуусуна катышып, чогулгандарды талапкер Жээнбековду колдоого чакырган.